
Тез жардам кызматына 6 млн сомдон ашык дары-дармектер сатылып алынат
14-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваТез жардам клиникалык ооруканасы дары-дармек сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Тендердин суммасы 6 млн 621 миң 925 сомду түздү.
Бул акчага 100дөн ашык дары-дармек жана медициналык жабдууларды алуу пландалууда.
Товарды жеткирүү келишим түзүлгөндөн кийин 5-7 жумушчу күндүн ичинде жеткирилиши керек.
Булак; Аргумент кж