
Тескери басылган, барактары актай таза. Ата-энелер базардан алган китептерин көрсөтүштү
13-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКыргызстанда жаңы окуу жылы китептердин тартыштыгы менен башталды. Ата-энелер бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө мажбур: базарлардан сатып алышат же Билим берүү министрлиги сунуштаган китептердин PDF-версиясын көчүрүп алышат
Бирок китеп сатып алгандардын баары эле маселе оңой чечилип калбаганын айтышат. Ата-энелер социалдык тармактарга сатып алган китептердеги кемчиликтер тууралуу видео, сүрөт менен бөлүшүүдө.
Алсак, «Кыргызстандын тарыхы», «Мекен таануу» (3-класс) китептери тескери басылып чыккан. Ал эми «Кыргыз адабияты» (9-класс) китебинде дээрлик бир нече барагы актай таптаза.
Булак: Аргумент кж