Темирлан Султанбеков: Акылбек Жапаров өзү салыктан качкан киши

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун салык төлөөдөн качуу мамлекеттик чыккынчылык катары кабыл алынат деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

«Мени ар дайым премьер-министр Акылбек Үсөнбековичтин эки жүздүүлүгүнө, ашынган текебердигине таң калам, премьер-министр Акылбек Жапаров өзүнүн чыккынчы экенин ачык  мойнуна алды.

Неге? Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 2017-жылдын башындагы маалыматы боюнча, Акылбек Жапаровдун  мамлекетке 237 миллион сом карызы болгон. Мындан тышкары мамлекеттен алынган 68 миллион сом башка максаттарга жумшалган.

Ошондуктан, 2020-жылдын 23-октябрында “Азаттыктын” түз эфиринде мен Акылбек Жапаровду мамлекетке 300 миллион сом кайтарууга чакыргам – бул бир гана учурда. Бул коомдо чоң резонанс жараткандыктан, ошондо  Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду кызматтан алып, 2020-жылдын 10-декабрында Акылбек Жапаровдун жубайы салык төлөөдөн качкан деген айып менен мамлекетке 90 миллион сомдун 28 миллионун төлөп бергени белгилүү болгон.

Акылбек Жапаров салык төлөөдөн качкан факты боюнча калган 62 миллион сомду мамлекетке кайтарып берген-бербегенин тактоо үчүн тиешелүү структураларга суроо-талаптарды жөнөтөм? Чынында 300 миллион кантип 90 миллионго айланды жана эмнеге 90дун 28и гана төлөндү?!

Келе жаткан 2022-жылы Кудай сактасын, мен Акылбек Жапаровго каршы тергөө иштерин сөзсүз баштап, аягына чейин жеткирем”,-деп жазат саясатчы Фейсбук баракчасынан.

Аргумент.kg