Темир Сариев жаңы кызматка дайындалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, экс-премьер-министр Темир Сариев төрага болуп шайланды.

Жыйында талапкерлер өзүнүн программасы тааныштырышты.

Эске салсак, 15-декабрда палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырган.

Алардын катарында Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов жана
“Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев бар болчу.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Аргумент.kg