Саясат

Темир Сариев Эльвира Сурабалдиеванын куру дооматына КАТУУ жооп берди

Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын»Компанияларыбыздын бирин тартып алууга аракет кылган» деген айыптоосуна жооп берди. Сариевдин билдирүүсүнө ылайык, Сурабалдиева мындай маалыматтардын баарын баштан аяк оюнан токуп жатат.
«Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу.
Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата жарандардан бир топ даттануулар келчү», — дейт Сариев.
Ошондой эле ал Сурабалдиева айтып жаткан 2005-жылдын июнь айында Бакиевдин бийлигине каршы оппозицияда жүргөндүктөн өзүнө карата да басым, коркутуулар болуп жаткан учур экенин белгилеген.
«Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум», — деп кошумчалайт Сариев.
 Обвинения депутата Э.Сурабалдиевой, которые якобы имели место много лет назад, мягко говоря, сильно удивили меня. Могу сказать сразу, что все это выдумано от начала и до конца. Мне не совсем понятны причины ее лжи. Либо это ее фантазии, либо чей-то заказ по очернению моего имени.
Хочу сделать короткий комментарий по поводу всего этого. Она постоянно говорит, что является наследницей бизнеса ее отца. Я знал его и чем он занимался. Как говорится, об умерших говорят либо хорошее, либо ничего не говорят. Поэтому я не буду ничего говорить о том, как он занимался бизнесом и какие методы использовал. Могу сказать только, что я в 2000-х годах я был депутатом ЖК и мне регулярно поступали жалобы на него от избирателей. Многие в Сокулуке знают об этом. Я бы и сейчас не стал ничего говорить о нем, его дочери и методах которыми создавался их бизнес, но клевета с ее стороны вынуждает меня это сказать.
Что касается того, что я якобы хотел забрать у нее что-то после смерти ее отца, то это все полная ерунда. Ничего я не забирал ни у кого и никогда не собирался это делать. Если вы вспомните июнь 2005 года (об этом периоде времени говорит Сурабалдиева), то я тогда находился в оппозиции к К.Бакиеву, на меня самого оказывалось сильнейшее давление, были даже физические угрозы. Тогда я был занят политикой, а не какими-то якобы бизнес вопросами. Сурабалдиева говорит о якобы каких-то людях, которых я запугивал и присылал к ней каких-то людей. Это полная чушь. Пусть это будет на ее совести, если ей конечно бывает стыдно.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *