Саясат

Темир Сариев эч кимге кошула элек, эгер кошулса Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна жетекчи болот имиш

Кыргыз тилдүү гезиттердин сап башында турган “Жаңы Ордо” гезити “Сариев оюндан чыгып, Кулматовдун ордун ээлейби?”, – деген аталыштагы макала жарыялады.
Аталган макалада Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаевден турган төртилик менен Сариевдин сүйлөшүү жүргүзгөнү, анын жыйынтыгы ойдогудай болбогондон кийин, Ташиев Жээнбеков тарапка өтүп кеткендиги, андан соң төртилик тарагандыгы айтылат.
Бул гезиттин жазганына таянсак, Сариев Жээнбековго кошула турган болсо, буга чейин Кубанычбек Кулматов жетектеп келген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп дайындалат экен.
Биз, президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабына байланышып, “Чындыгында Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?”, – деген суроо менен кайрылдык.
“Азыркы учурда президенттикке талапкер Темир Сариев эл менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Эч ким менен сүйлөшүү болгон жок, мурдагыдай эле үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз”, – деп айтышты Сариевдин шайлоо штабынан.
Булак:Антиушак

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *