
Темикен теминип алыска баралбай
30-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева«Мекен ынтымагы» партиясын түзүп парламенттик жана шаардык кеңештин шайлоолоруна катышып жакшы эле теминди. Бирок Темикен темингени менен шайлоолордо ийгиликке жете алган жок. Октябрь окуяларынан кийин бийлик менен соодалышып кызмат алып отуруп калды. Ал эми канча жылдан бери түптөгөн партия менен анын тарапташтарын ара жолго калтырды. Темирбек мырза өз сөзүндө биздеги партиялык тузүлүш жок экенин айтып көп сындаган. Эми ошол өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыкты. 10 жылдык тарыхы, аз да болсо электораты бар партияны таштап кызмат үчүн кол шилтеп басып кетти. Темирбек мырза мындай ою болсо, мынча көп убараланып шайлоочулар менен мамиле түзүп отурбай эле, бийлик менен сүйлөшүп алчу кызматын 10 жыл мурун эле аракеттенип ээлебейт беле? Негизи эле бизде бир принципинен тайбаган саясатчылар өтө аз.
Булак: Аргумент.кж