
Бишкекте курулуп жаткан объектилерге пресс-тур өттү
20-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда курулуш объектилери боюнча пресс-тур өттү.
Биринчи чекит борбордун 104-кичи районунда жайгашкан шор 10 орто мектеби болду. Учурда эскиздик долбоордун негизинде имараттын капиталдык ремонту, футбол, волейбол, баскетбол, воркаут, балдар ойноочу аянтчаны орнотуу, аймакты көрктөндүрүү, унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Орто мектеп 1020 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 8000 чарчы метрди түзөт.
Подряттык уюм катары «ОсОО Эталон Вин Спец Строй чыгат.
Эске салсак, 8-июль 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров и.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирин көрүп чыгып, Бишкек шаарынын мэриясына жалпы билим берүүчү мектеп катары пайдалануу үчүн имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүнү жана аймакты жашылдандырууну тапшырган.
Булак; Аргумент кж