Клара Сооронкулова Өмүрбек Текебаевге Урматбек Самаевдин спортчулары кол салганын айтты. Токмок шаарынын мэри Клара Сооронкулованы сотко берди.

Анын айтымында, оппозициялык саясатчыга кол салууга депутаттыкка башка талапкердин тарапкерлеринин да тиешеси бар.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин “спортчулары” жасаган. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына жазды.

«Бизде Өмүрбек Текебаевге кол салууну Токмок шаарынын мэри Самаев менен депутаттыкка талапкер Саккараевдин «спортчулары» жасагандыгы тууралуу маалымат бар. Акыркысы Казакстандын жарандыгы бар экендиги тууралуу ишенимдүү маалыматка карабастан, БШК тарабынан талапкер катары каттоодон чыгарылган эмес», — деп жазды Сооронкулова.

Ал арада Урматбек Самаев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде сотко кайрылып, «мыйзам чегинде» иш-аракет кылууга ниеттенип жатканын билдирди