ТЕКЕБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫНЫН МИТИНГИ БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНДУК СОТУНУН АЛДЫНДА УЛАНАТ

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар депутатты бошотууну талап кылып жатышат.
Митингде сөз сүйлөгөн Асия Сасыкбаева кысымдарга карабай митингге келип катышып жаткандарга ыраазычылык билдирип, алардын лидери жана өздөрү дагы сынбай турганын кошумчалады.
Митинг саат 14:00дө Биринчи Май райондук сотунун алдында уланат. Бүгүн Өмүрбек Текебаевдин ишине байланышкан соттук отурум болору күтүлүүдө.
Булак: Каганат