Саясат

Текебаевдин тарапташтары бир ууч эл бузарлар

Саясатчылар толук эки жээкке бөлүнүп бүтүштү. Буга чейин кооз сүйлөп, чыныгы жүзүн адилеттүүлүктүн гүл сөздөрү менен жашырып жүргөндөрдүн маскасы чечилди. Максатына жетүү үчүн адамдардын өлүгүн тебелеп барууга даяр экендиктерин билдирип коюшту.
Бүгүнкү бийлик кара жанын карч уруп иштеп жатат. Эмне болсо ошо болсун деп Сооронбай Жээнбековго окшоп мечитке барып гана намаз окуп жатып алган жок. Эгемендүүлүккө доо кетире турган оңой оокатка бой урган жок. Карыз албады.
Бул бийликтин келишинин маңызы Кумтөрдү элге кайтаруу болчу. Ошол вазийпасын аткарып жатат.
Оппозиция деп аталган каршы тараптын ырайын карай турган болсок өтө жаман. Бийликке оппозиция болот деп айтканга ооз барбайт, бир өңчөй кыргызга душман кишилер топтошуп алгандай. Мурдагы бийлик менен каршылашып жүргөндө ойлойт элек булар батыштын стили менен Кыргызстанды өнүктүрөбүз деп жүрөт бейм, ошондуктан пророссиялык саясатчыларга каршы болуп жатат деп. А көрсө, Кыргызстандын ар кандай бийлигине, башкача айтканда Кыргызстанга каршы тура булар?!
Азыр жанталаша партиясына ар кайсы улуттун өкүлдөрүн тыгып, анын баарын кыргыз бийлигине каршы койгону жатат.
Ал ким? Ал Кыргызстандын номер 1 саясатчысымын, конституциянын атасымын деп өзүнүн зоболосун өзү көтөрүп жүргөн, жер куруткан Текебаев.
Кезинде мунун фанаттары аябай көп болчу, ал үчүн ысык суукка, азап менен тозокко чыдап жүрүшкөн анын абийирин коргойбуз деп. Бирок, ошол ээрчиген элдин мүдөөсүн аткарбай, ишенимине чычып кетти Текебаев. Ар түрдүү кырдаалда акылдуу жолдор менен буйтап эч такыр Кыргыз Республикасынын пайдасына иштебей койду. Ал элди алдайм деп ойлоду. Арийне, анын эки көзү болсо, элдин миллион көзү бар. Анын эмне ойлоп эмне кылып жаткандыктарын рентген сыяктуу теше көрүп турган эл бар. Аны бир алдайсың, экинчи алданбайт. Эми ээрчибейт кыргыз эли аны. Анын бир ыкмасы калды, ал элдерди кайраштыруу. Парламентке улуттук азчылыктын өкүлдөрүн алып барам деген тейде иш алып барып жатат. Шайлоодо утулуп калса “Ата-Мекен” партиясы, жаңжалды ушул өңүттө чыгармакчы. Анткени Текебаев бул жаатта тажрыйбасы бар. 2010-жылдын кан күйгөн жайы эч кимдин эсинен чыга элек. Ал окуя да териштирилбей турат.
Текебаев тарапта бир ууч куйту интригандар болсо, экинчи тарабында Кыргызстандын эли турат!

Касымбек Жумаев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *