Текебаев: «Чотонов бир сөздү айтпай койгону үчүн камалды…»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жакында эле үй камагына чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кичи мекени болгон Базар-Коргон районунун Акман айылында жүрөт. Аны менен кошо саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да жүрөт.
Ал Акман айылында тарапташтары менен жолугуп жатып мурунку бийликти кескин сындап, кыйынчылыкта бирге болгон тарапташтарына ыраазычылык айтты. Текебаев элдин алдында аны менен чогуу камалган партиялашы Чотоновду «накта атамекенчи» деп атады.
— Дүйшөндү «сен жөн эле «Маевскийди Текебаевдин бөлмөсүнөн көргөм» деп эле койсоң сени чыгарып жиберебиз» дешти. Бир эле сөз — «көргөм» дегенди айтпай койгону үчүн эки жыл, жети ай отурду. Дүйшөн — партиянын накта жүзү», — деди Текебаев.
Чотонов «акыйкат үчүн түрмөдө отурдум» деп, колдоочуларына рахмат айтты. Саясатчы туугандарын, айыл аксакалдарын, тарапташтарын чогултуп түлөө өткөрөрү айтылды.
БУЛАК: азаттык

Аргумент.kg