Саясат

Текебаев азыр кайсы жолдо?

 

Кыргызстанда кайрадан шайлоо. Саясатчы атпайдын баары өздөрүн мактап эл алдында жүргөн кез. Алардын катарында Текебев да бар. Элчилеп ал киши да аябай таза, иштерман, жебей ичпей иштеген депутат болом дейт. Алтургай кызып кетип президент болом, кезексиз президенттик шайлоого даяр тургула деп ачык эле стабилдүүлүктү бузууга далалат уруп жатат.
Максаты шайлоо алдыда камалып, элге аянычтуу көрүнүү, элдин нааразычылыгын ойготуу. Анткени ал таза шайлоодо эч качан өтпөшүн түшүнөт.
Анын элге жек көрүндү болушуна 2010-жылдагы бейкүнө адамдардын каны, Конституция аркылуу Атамбаевдик режимди түптөөсү, жана башка толуп жаткан күнөөлөрү себепкер экендигин жакшы билет.
Текебаевдин мынчалык кыргыз мамлекетине өчөшүүсүнүн себеби эмнеде экендигин билүү үчүн анын өткөн тарыхына кайрылып көрдүк.

Текебаев Өмүрбек Чиркешович көрсө студент кезинде эле «Студент» деген псевдоним менен КГБ агенти болуп иштеген тура. Мугалимдерди, студенттерди, ар кайсы чөйрөлөрдү аңдап билип, жагдайды КГБ билдирип турган. Кийинчерээк туулуп өскөн Акман айылындагы орто мектепте мугалим болуп жүргөндө деле ал өнөрүн таштаган эмес. Ушундан улам анын калыптанып калган элге болгон жек көрүүсүнүн түзөлбөшүнө ынанасың. Архивдерден анын КГБ агенти болууга макулдугун берген кагазы да табылган. Өмүрбек Чиркешовичтин ал өнөрү азыр кайсы стадияга жеткендигин, куулук шумдугу менен душмандыгы канчалык деңгээлде курчугандыгын боолголоп билүү да кыйын. Бир гана белгилүү нерсе ал Кыргызстанга жаккшылык каалабайт.
Анын АКШ элчиси Дональд Лу менен кез кезде жоолугушуп тургандыгы да биздин көп ойлорго жетелейт.
Деги ушул кишинин кесепети элибизге тийбесе экен. 2010- жылы 7-апрелде аянтта атылгандарды Бакиевге, Атамбаевге төңкөп, өзү алданган киши болуп койду. Ошол эле жылы июнь айындагы түштүктөгү этникалык кагылышууну Бакиевдерге шылтап кутулуп жүрөт. Бирок ал иштин дыкат иликтенишине өзү каршы. Былтыр эле шайлоого нааразычылык чыгарып, жаштарды бийликке тукурганын да танат. Натыйжада бир жаш жигит көз жумуп, канчалары көзүнөн айрылды. Ушунун баарына Текебаевдин уюштурган дистабилдештирүү планы айыптуу. Өлкөдө туруксуздук пайда кылып, чакчелекейин чыгарып, анан орто жолдо бийликти алып калсам дегенде эки көзү төрт. Мыйзам качан бул кишини ооздуктайт?

Бурганак Толкунов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *