
Театрлар өлкө аймактарын түрө кыдырган гастролдорун баштады
16-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караган бардык театр, оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык гастролдору башталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул аракеттер президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыктарын аткарууга жана каада-салттарды, үй-бүлөлүк, коомдук баалуулуктарды сактоого багытталат.
«Чыгармачылык гастролдор чет элге, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле өлкөнүн жети дубанына болмокчу. Чыгармачылык гастролдордо театр, оюн-зоок мекемелери спектакль жана жандуу үн менен концерттик программаларды тартуулашат. Мындай мүмкүнчүлүк президент тарабынан маданият жана искусство тармагына бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен ишке ашырылып, каржылоо мамлекеттин эсебинен жүрөт», ― дешти министрликтен.