Тажикстанга кол салуу күтүлүүдө. Алар чек арасын бекемдей баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 26-сентябрдан тартып, Афганистандагы “Ансоруллах” жамааты  Тажикстанга чабуул коюуга камданып жатат деген маалымат тараган.   

Аталган кыймыл бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда дагы тыюу салынган. Ал кыймыл Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу аймагы менен чектешкен аймакка миңдеген согушкерлерин жөнөткөндүгүн буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик басылмалар жазып чыккан.

Аталган кыймылдын жоокерлери афган-тажик чек арасына топтоло баштагандыгын аталган Тажикстандын автономдуу аймагынын башчысы дагы тастыктап, учурда чек араны бекемдөө боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, учурда кооптуу болуп турган облуска өлкө башчысы Эмомали Рахмон келе тургандыгын белгилеп, өлкөнүн атайын кызматы берип турган маалыматтарга анализ жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеген.

Белгилей кетсек, жалпысынан афган-тажик чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт.

 

Аргумент.kg