Тажикстанда жүзүм 10 эсе кымбаттады

Тажикстанда жүзүм 10 эсе кымбаттады

11-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Тажикстандын базарларында жүзүм аз болуп, баасы бир нече эсеге кымбаттап кетти. Дыйкандар муну быйыл январдын башында Тажикстандын аймагындагы катуу сууктан улам Гиссар аймагындагы жүзүм бактардын көбүнүн үшүп кеткени менен түшүндүрүүдө.

Гиссар аймагындагы «Боги Сомон» дыйканчылык чарбасынын башчысы Махмадамин Камоловдун айтымында, кышындагы суукта бул аймактагы жүзүм бактардын дээрлик баары үшүп кеткен. «Жүзүмдөр 16 градуска чейинки суукка туруштук берет. Бирок быйыл абанын температурасы -27 грдуска чейин түшүп, жүзүмдүн дээрлик 90% үшүп кетти», – деди ал.

Камолов буга чейинки жылдары Гиссар аймагындагы Турсунзаде шаарында жүзүмдүн килограммын 1-2 сомониден алууга болсо, быйыл 15 сомониден жогору сатылып жатканын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Душанбедеги базарларда жергиликтүү «Шохона» сортундагы жүзүмдүн бир килограммы 50 сомониге (дээрлик 400 сом) жетүүдө.

Булак: Аргумент кж