
«Тазалык» 530 жаңы таштанды контейнерин сатып алды
15-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы 530 жаңы таштанды контейнерин сатып алды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын төрт районуна 82 контейнерден бөлүштүрүлүп, алардын ар бири өз түсүнө боёлот.
Жаңы контейнерлер жараксыз болуп калган челектердин ордуна коюлат, ал эми тешилген, сынган же өрттөлгөн контейнерлер оңдолот.
Булак: Аргумент кж