Тазабек Икрамов менен Өмүрбек Бакировду “бир жаңсыл” кылуу аракеттери көрүлүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Депутаттар Тазабек Икрамов менен Өмүрбек Бакировдун өткөн чактары, азыркы кылып аткан аракеттери кылдат талданып, атайын органдар тарабынан иликтенүүдө. Бул жагынан бир топ убакыттан бери иштеп жатышканы жашыруун эмес. Албетте, тергөө алкагы ачык жарыяланбайт эмеспи. Сыягы, жаңы жылдан кийин кыл менен буугандай тариздеги көрүнүшкө күбө болобузбу? Айрым маалыматтар боюнча, эки депутат тең убагында УКТ менен алакалаш жүрүшкөнү, кандайдыр бир иштерге кастарын тигишкени ыраспы? Ушул маанидеги суроолор арбын экен. А реалдуу жашоодо факты менен кынаптап, коомчулукка алып чыгуу вазыйпасы бекер жерден көрүлбөсө керек. Атайын органдардын артынан түшүүсү жүрөк үшүтө баштагандай. Дагы кандай сенсацияга кабылабыз?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg