Татыктуу жаштар бийликке аралаша баштайт

Татыктуу жаштар бийликке аралаша баштайт

10-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Президент Садыр Жапаров жаштар тууралуу мыйзамга кол койгондон кийин  социалдык тармактарда тамаша чынын аралаштырган талкуулоо күч алды өзгөчө мыйзамдын 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет деген бөлүгү соц тармактагылардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Мыйзамдын негизги максаттарынын бири катары жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн баардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналууда. Бул өтө керектүү жана мыкты маселе  анткени денгээли жогору, аракети күчтү жаштарды мамлекеттик бийликке аралаштыруу өтө орчундуу проблема болуп келген. Эми баардык тарабынан мыкты өсүп жетилген жаштарды бийликке аралаштыруунун мыйзамдык жолу ачылды. Кеп, жаштарды тандап алууда коррупциялык элементтердин аралашып кетүүсүнө жол бербөөдө турат.

Эксперттердин айтыма караганда күздөн баштап мыйзам конкретүү ишке киришип татыктуу жаштар ар кайсы денгээлдеги бийликке аралаша баштайт.

Ылайым ошондой эле болсун.

Булак: Аргумент кж