Ташыркап калган Аскарбек Жаныбековдун эси эки болуп турган кези
29-кулжа, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваАйыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековду тажрыйбалуу адис (!) деп атайын ишеним көрсөтүп алып келишсе, ал ташыркап калганбы, айтор, аябай эле инерттүүлүгүн көрсөтүүдө. Жасаган ишинин дайыны жок, баш-аягын таппай, эси эки болуп турган кези.
Кыргызстан агрардык өлкө болгондон кийин айыл чарба министрлиги негизги жүктү көтөрүп, айыл чарба тармагынын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзүлүшү керек эле. Бирок андай жаңы жышаналар, долбоорлор деле байкалбайт. Фермерлерге көмөк көрсөтүп, жигердүү иштегендин ордуна министр Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйнап, статистика менен алек болуп жаткан имиш.
«Азия Ньюс» гезити