Ташиев: Мандатымды тапшырбайм
31-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин депутаты депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшырбай турган болду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
«Элдин кайрылуулары, кол топтоолору, бизге келип түшкөн сурануулардын негизинде биз үй-бүлөбүз менен берген убадаларыбызды аткарабыз деп чечим чыгардык. Эл-журтубузга колубуздан келгенче жардам берели дедик. Мандатты тапшырып койсок, айтылган пикирлер тынчып, асылуулар болбойбу деген ойдо элек. Мунун экинчи жагын карап көрдүк, эгер биз мандат тапшырсак, алардын жөндөн-жөн эле күнөөлөп жаткан күнөөсүн моюнга алып калган болот экенибиз», — деди ал.