Ташиев: Мамлекеттик кызматкер бай боло албайт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келип байып кетем деген аткаминерлерге эскертүү берди.

«Ушул жерде отургандар өзүбүздү тазабыз деп сезебиз, бирок ичиңерде эмне болуп жатканын өзүңөр билесиңер. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, министрлер. Урматтуу кесиптештерим, эгер кимдир бирөө иштегиси келбей жатса, эшик ачык. Баргыла да, бизнесиңерди кылып байып, жыргап жата бергиле. Эч маселе болбойт. Бирок мамлекеттик аткаминер бай жашабашы керек. Эсиңерге тутуп койгула! Мамлекеттик кызматкер негизи эле бай боло албайт. Аким, губернатор, министр болуп байыйм деген мурунку психологияны алып ыргытыш керек. Эми андай болбойт. Мурда ар бир кызматтын «ставкасы» бар эле, азыр жетекчилердин бир тыйын алуу оюнда дагы жок. Силер деле ошентип иштей бергиле да. Мэр болсоңор эле «каяктан байысам, аялыма машина, балама үй алып берейин» деп атасыңар, маалыматтар бизде бар. Таза жүргөн жакшы, тигини-муну алып берем деп жатып балээге калып жатасыңар. Этият болгула!» — деди Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы үй керек болсо өкмөткө кайрылып, жеңилдетилген шарттагы ипотека аркылуу алууну сунуштады.

Аргумент.kg