Саясат

Ташиев: Бир жылдан бери бир жолу тойго бардым

Бүгүн Жогорку Кеӊеште жаӊы сунушталган министрлер кабинетинин баяндамасы өтүүдө. Анда: “Аткаруу бийлигиндегилер тойлорго барбай эле койсоңор кандай болот? Силерди көрүп жаштар үлгү алып жатпайбы?”, – деп Дастан Бекешев өз пикирин билдирген.

Ага жооп катары вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин милдетин аткаруучу Камчыбек Ташиев “Бир жылдан бери бир жолу тойго бардым. Башка тойлордо жүргөнүмдү көргөндөр айтып берсин. Ал эми куран окутууга барам”,-деп жооп кайтарды.

Ошондой эле Ташиев: “Раим Матраимов менен бир үстөлдө отурганым жок, болгону каалоо айтып эле чыгып кеттим. Эгерде аны менен чогуу отурсам дагы, башкаларга салыштырмалуу бюджетке 2 млрд. сом акчасын төктү. Эгерде дагы кылмыш табылса, дагы төгөт”-деп кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *