Ташиев: «Бир дагы метр жерибизди эч кимге бербейбиз!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткендеги Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады. Белгилей кетсек, 6-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Ага ылайык, эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт. Бул маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары «Камчыбек Ташиев Ворухка коридор ачмай болду, Тажикстан куралдуу кол салып көздөгөнүнө жетти» деген сыяктуу пикирлерин жаза башташты. Мындан улам Ташиев маселе боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берген. «Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонулат. Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок», — деди Ташиев. Ал ошондой эле Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин белгилеген. «Ворухка коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат.

Аргумент.kg