Саясат

Тарыхында кара тактары бар Жылдыз Жолдошеванын тарынычы

Жылдыз Жолдошева, мен соңку жаңы тарыхта да, андан мурунку тарыхтан да мындай байрагы жок саясатчы аялды учурата алган жокмун. Жашы деле бир топко барып калды, артында калтырган алгылыктук иштери деле аз. Эми керек десе жаштарга акылын айтып төрдө отураар мезгилде саксаңдап оппозициядамын деши таптакыр орунсуз көрүнүш. Мунун оппозиционер болушка бир илине турган дери деле жок. Атамбаевдин бийлигинин тушунда Ташиев экөө партия талашып ит-мышык болушту, андан соң Аалам партиясына барып Малиевдин этегин кармады. Мындан мурунку президенттик шайлоодо Малиевге катарлаш жүргөнү менен Жээнбековдун камчысын тымызын чаап жүргөнүн элибиз байкабай койгон жери жок. Ошол кездеги Жээнбековдун оппоненти Бабановду буту жеткен жерге чейин барып каралап берди, кадырын плинтустан ылдый түшүрдү. Ал кызматы үчүн баягы эле камкор энелигин кылып балдарына кызмат сураса керек. Анткени Садыр Жапаровдун тушунда ал кылыгын экинчи жолу тастыктабадыбы.
Мейли, бийлик, байлык кимди гана азгырбайт. Эл өкүлү болгон кезде Курманжан датка фондун түзүп Ысык-Көлгө комплекс ачып, Бишкекке айкелин койдурду датка энебиздин дейин десең бул жакта да кара тактары бар да апжеңдин. Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы деп кыргыз бекеринен айтпайт да. Көл жээгинен бизнеске ылайыктуу жерлерди менчиктеп, фонддун акчасын сол чөнтөккө солоп калган жерден ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянованын карылуу колу уурдалган нерселерди кайра ордуна койдурганын тана албаса керек ээ эжебиз.
Омсоңдоп, же баласына кызмат жок, же өзүнө сан тийбей Жылдыз Айтибаевна азыр зарнасын бул бийликтин үнүн каргылданта аянычтуу чыгарып жамандап жаткан кези. Чамасы Жылдыз Жолдошева Кыргызстанды устукандап жеген учур артта калды эми деген сөзгө ишене албай турат го. Баарынан кызыгы Ө.Ч. Текебаев менен биригип алгандыгы болуп жатат. Ал экөө бул дүйнөдө бет карашкыс болгондуктарын калайык калк баары эле билсе керек. Ээх туу туругу жок энелер кантип үлгү болот эмки жаштарга?

Сайракан Салиева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *