Тамашалап күйөөмө башка аккаунттан жазсам жалгыздыктан кыйналып жатыптыр

Тамашалап күйөөмө башка аккаунттан жазсам жалгыздыктан кыйналып жатыптыр

07-бугу, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзу болду. Күйөөм үйдө камкор ата. Ортобузда үч балабыз бар. Жашобуз кудайга шүгүр. Өткөндө социалдык тармактардан пранк кылгандарды көруп жөн эле жазып көрөйун деп башка аккаунттан кат жаздым. андагы казак моделдин сурөтун көрүп күйөөм тез эле жооп кайтарды.  Ошентип тамашадан ары кат жазышуу уланып кетти. Сыр бербей телефонумдан билдирбей кат жөнөтуп коем. Ал тамак ичип жаткан жеринен туалетке жөнөйт эмне болду деп сурасам ичип өтуп жатат деп коет. Унчукпай эле турмушка чыга элек бойдок кыз болуп сүйлөшө бердим. Күйөөм болсо ийгиликтүү бизнесмен экенин айтып, ушул убакытка чейин жарымын таба албай жалгыздыктан жадап жүргөнүн жазды. Биз менен чогуу түшкөн сүрөттөрду болсо карындашым менен жээним, азыр алар менин жашомдун убактылуу бир бөлүгү деди. Эми Жаннат отелине жолугушууга чакырып жатат. Эмне кылсам? Балдарды кайненеме таштап коюп ал берген дарекке барсамбы же жазышкан катты көрсөтүп салсамбы? Күйөөмдүн бул кылыгына ичим муздап калды.