Тамаша эмес! Дагы ЭШЕК союп саткандар кармалышты!

Былтыр күзүндө эшектин этин саткандар тууралуу үрөй учурган жаңылык каптап, эт сатып алууда гана эмес, коомдук тамактануу жайларына да этияттык менен барып калган элек. 1-апрель күнү Жалал-Абад областынын Аксы районунда эшектин этин союп, аны сатууга даярдык көрүп жаткан эки жаран колго түшкөн. Кылмышкерлер эшектерди ар кайсы айылдардан атып өлтүрүп, кийин союп, этин борбор шаар Бишкекке жеткирүүнү пландашкан. Белгилүү болгондой, этти Бишкектин Чапаев көчөсүндөгү бешбармак саткан кафеге өткөрүү боюнча алдын ала сүйлөшүлгөн экен.

Булак: gezit.kg
 

Аргумент.kg