
Талгарбеков тез эле алжып калдыбы?
20-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваКРнын алгачкы президенти Аскар Акаевдин тушунда айыл-чарбасын башкарган жана биринчи тунгуч президенттин эң ишенимдүү кадры деп эсептелген Бекболот Талгарбеков ар кандай кадамдары жана билдирүүлөрү менен коомчулуктун көнүлүн өзүнө бургусу келип жаткандай. Жакында эле ал кайсыл бир ММКага маек куруп, анда: «Эгерде Садыр Жапаров сунуш кылса мен атайын Минскийге барып, Баикевди алып келет элем»-деген ой-пикирин билдирди. Коомчулуктун өкүлдөрү ого-бетер таң кала түштү. Эгерде ошондой сураныч болсо Бекболот мырза Курманбек Бакиедин тилин таба алабы? Экинчиден буга аны бийлик сересине алып келген Аскар Акаев кандай мамиле жасайт? Иши кылып Талгарбеков бул кадамы менен алыска кетчү эмне деген максаттарды көздөп жатат.
Булак: Аргумент.кж