Таластын эки депутаты министр «таластыктар аферист» деген сөзү үчүн жооп берүүсүн талап кылышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов (Ишеним) «Бир жумадан бери Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы менен БНИКТОнун директорунун ортосунда эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз. «Биз президенттин реформасын колдойбуз, министрдин дагы реформасын колдойбуз. Бирок Таластыктар «аферисттер» деген сөздөр болгон. Аферист ким экенин далилдеш үчүн министрди Жогорку Кеңештин жыйынына чакыргыла. Биз Таластын элибиз, Манастын урпактары, Чынгыздын, Чолпонбайдын урпактарыбыз. Ал бүтүндөй аймакты айыптады. Аферист ким экенин айтсын», деди ал. Депутат Марат Мураталиев (Ишеним) Таластан аксакалдар менен жаштар депутаттарга келип жатканын айтты. «Келип, трибунага чыгып, эмнени айткысы келгенин айтсын. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таластыктардан кечирим сураганын билдирди. Мындай кечирим сураган жарабайт. Ал министр катары эмнени айтып жатканын ойлонушу керек болчу. Албетте, биз реформаларды колдойбуз. Ал бир эле таластыктардан эмес, жалпы Кыргызстан элинен кечирим сурашы керек. Мындай нерселер жакшылыкка алып барбайт. Ушул жерге келип жооп берсин аферист ким экенин. Президент өнүгүүгө чакырат. Экономика өсүш керек, келсин», — деп депутат кесиптешин колдоду. Буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам министрдин үнүнө окшош үнү менен БНИКТОдо жалаң «таластыктар» иштеп жатканын айткан видео пайда болгон. «Ким болсо да таластык болбосун, кимди болбосун башкы врач кылып дайындагыла» деген. Талас облусунун бир катар тургундары Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылышты.Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурады. Ал белгилегендей, анын сөздөрү туура эмес чечмеленип калган.

Аргумент.kg