Таластагы окуя: 8 жаштагы бала кичинекей инилеринин көз алдында каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 14-декабрда Таласта 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдиришти. Маалыматка караганда, баланын денеси Талас шаары менен Талас районунун Көк-Ой айылынын ортосунан табылды. Ал үйүнөн «жаа жасайбыз» деп 2 иниси менен бирге ойногону чыгып кеткен. Бул маалыматты Талас облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн тастыктап, бала суунун жээгинен табылганын билдиришти. Жанындагы 2 иниси жолго чыгып, жардамга чакырып, андан кийин өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө чакыруу түшкөн. Ошол замат куткаруучулар барышкан. «Кечээ, 14-декабрда саат 12:20 чамасында Талас дарыясын бойлой Көк-Ой айылына бара жаткан жолдогу кафеден 100 метрдей күн чыгыш тараптан 2014-жылы туулган Э.А.нын жансыз денеси табылып, Талас ШИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта. • Алар дарыянын жээгинде музда ойноп жатканда 8 жаштагы бала сууга агып кеткени болжолдонууда.

Аргумент.kg