Таласта мыкты ала кийиздердин фестивалы өтөт

Таласта мыкты ала кийиздердин фестивалы өтөт

18-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстан кол өнөрчүлөрү кеңеши менен биргеликте «Кылым карыткан кыргыз ала кийизи» эл аралык фестивалын өткөрөт.
Министрликтен маалымдашкандай, сынактын максаты — кыргыздын муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, кол өнөрчүлүк менен маданий мурастардын негизинде чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү, кошуна мамлекеттер жана аймактардын ортосундагы маданий-экономикалык байланышты чыңдоо жана бекемдөө. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор берилет. «Мыкты ала кийиз» деп табылган буюмдар мамлекеттик музейге тапшырылат.
Иш-чара 15-16-сентябрда Талас облусундагы улуттук «Манас-Ордо» тарыхый-этнографиялык комплексинде өтөт.
Кароо-сынакка өлкөдөгү кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана Өзбекстан, Казакстан, Россиядан келген меймандар катышат.
Номинациялар:

«Мыкты ала кийиз»,

«Мурас ала кийиз»,

«Заманбап үлгүдөгү тушка тартма ала кийиз»,

«Текеймат ала кийиз»,

«Кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар»,

«Жаш уздарды тандоо».

Катышуучуларга талаптар:

катышуучулардын саны чектелбейт;

сынакка ала кийиздеги өзгөчө оюулар, түрлөр, түшүрүлгөн көчөттөр (мисалы, жоогазын, бадам) нукура кыргызча сапаттуу жана салттуу көркөм өнөр технологиясы менен жасалган буюмдар коюлушу керек;

ала кийиздин көлөмү 5 чарчы метрден чоң, ал эми текеймат ала кийизи 3 чарчы метрден чоң болушу шарт.

Синтетика буюмдарды колдонууга тыюу салынат.
«Сынактын калыстар курамы көркөм өнөр эксперттеринен, дизайнер, тарыхчы, этнограф, илим изилдөөчү жана кол өнөрчүлөрдөн түзүлөт. Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан төлөнүшү шарт. Фестивалдын катышуучуларынын жатаканасы, тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан каржыланат», — дешти министрликтен.
Булак: Аргумент кж