Коом

Талас шаарында куралдуу мас адам мейманкаданы талкалап, конокторду жылаңач сыртка кууп чыккан

Талас шаарынын жеке мейманканасында  куралчан адам мас болуп чыр чыгарган. Бул тууралуу мейманканадагы күбөлөрдүн бири активист Авланбек Жумабаев фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“ Талас шаарындагы  Kerben Palase  мейманканасында каркашалуу түнгө кабылдым. Мындайды коркунучтуу кинолордон эле көрө аласың!

Көрсө бул мейманканада эч икм өмурүңүн коопсуздугуна кепилдик бере албайт экен. Күзөтчү, коопсуздукту сактоо кызматы деген жок. Каалаган адам кирип тоноп, уруп, өлтүрүп кетсе деле мейли…

Түнү, тактап айтканда саат таңкы төрткө чукул мейманканага бир акмак кирди. Баардык бөлмөлөрдүн эшигин талкалады. Мейманкада уктап жаткан баарыбыз сыртка чыктык. Арасында эки кыз уктап жаткан жеринен жарым жылаңач качып чыкты. Балалуу келин да суукта сыртта турду. Улуу адамдарды коркутуп уят сөздөр менен сөгүп жатты. Мейманкананын ичи кан. Короонун ичинде турган унаалардын терезелери талкаланган. Бул акмакты алып кетүү үчүн милицияга тынбай чакырдык. Алар 40 мүнөттө араң келди. Бул Талас шаарынын борборунда болуп жатат. Мына биздин өлкө кандай абалда жашап жатканы. Элдер мындай коркунучта кантип өздөрүн коопсуз сезишет. Акмактардын колунда пистолет болсо. Ал канчасын тигил дүйнөгө жөнөтүп коймок? Учурунда келе албаган шалаакы адамдарды кантип милиция кызиматына кабыл алышкан.

Милициянын кылык-жоругуна күбө болгондор таңкалдык. Акмактын колун кайрып салып кетүүнун ордуна анын артынан ээрчип унаага түшуп коюсун суранып жүрүшөт.

Ал жерде тургандардын бири бул акмактын фурасы бар экенин айтышып, акчалуу неме дешти. Экинчилери болсо милицияда иштейт деп сүйлөшүп жатышты.

Ал эми бул бизнестин ээси ким? Балдар бакчасын мейманкага айлантып алыптыр. Элдер силерге эмне үчун төлөшөт? Эмненин негизинде акча жасап жатасыңар?

Каргашалуу түн болду.

Бул окуягы ИИМ же андан жогорку кызматта отургандар көңүл бурат деп үмүт кылам.

P.S. оозго алгыз сөздөр менен сөгүнгөндүктөн улам видеосун жүктөй албадым”-деп жазат баракчасына.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *