Талас Бегалиев Көк бөрү Федерациясынын президенти болуп дайындалды

“Көк бөрү” федерациясына Талас Бегалиев президент болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат аталган федерациянын Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматта, Буга чейин Көк бөрү федерациясынын президенттик кызматын Искендер Кадыркулов ээлеп келген. Ал эми Талас Бегалиев вице-президентти болуп иштеп келген. Искендер Кадыркулов кызматтан өз каалоосу менен кетип, ордуна Талас Бегалиев бекиген.