Талаптар жеңилдетилген. Бишкекте инспекторлорду жумушка алууга сынак жарыяланды

Талаптар жеңилдетилген. Бишкекте инспекторлорду жумушка алууга сынак жарыяланды

23-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Милициянын кайгуул кызматына жумушка чакырат. Учурда каалоочуларды кабыл алуу үчүн сынак уланып жатат.

Белгилүү болгондой, талапкерлерге коюлган квалификациялык шарттар женилдетилген.  Алар;

  • талапкердин жаш курагы 19дан жогору, 30дан ашпашы керек;
  • жалпы орто билими болсо жетиштүү;
  • В, С категориясындагы айдоочулук күбөлүгү (буга чейин А, А1, В, В1, С, С1 категориялары талап болчу).

Сынакка катышуучу үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • жеке арыз;
  • кадрларды каттоо боюнча баракча:
  • өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
  • автобиографиялык реферат;
  • билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
  • паспорттун копиясы;
  • никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
  • укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
  • 9х12 өлчөмүндөгү 1, 3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт.

Документтерди кабыл алуу Бишкек шаарынын Ч.Валиханов көчөсүнүн 1А дарегиндеги ЖКККББнын Кадрлар бөлүмүндө жүргүзүлөт.

Булак: Аргумент кж