Талант Мамытов: Ким элге бөлүнгөн акчадан жесе, бир күнү бир жеринен чыгат

Талант Мамытов: Ким элге бөлүнгөн акчадан жесе, бир күнү бир жеринен чыгат

01-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Элге бөлүнгөн акчаны жеген адамдарга эки дүйнөдө тең жакшы болбойт. Мындай пикирин бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди.

Ал фракциянын убактысын сурап, трибунада шайлоочулар менен жолукканын, анда Ноокенде иштеп жаткан Кытай компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды.

Анын айтымында, бардык компания 20 миң сом айлык төлөп берет, ал эми ал жердеги компания 15 миң сом гана төлөйт жана 5 миң сомду ортомчулар жешет.

«Алар Жогорку Кеңештин, укук коргоо органдарынын атын сатышат экен. Соцфонд төлөнбөйт, эмгек кодекси сатлабайт жана шарттар түзүлгөн эмес.

Мен ушул улуу трибунада туруп айткым келет. Ким сууга, жолго, элге бөлүнгөн акчадан жесе эки дүйнөдө тең жакшылык көрбөйт. Бир күнү болбосо, бир күнү бир жеринен чыгат. Ошондуктан бул маселе боюнча да тапшырма берет элем. Анткени ал жерде 600дөн ашык адам иштейт», — деди ал.