Коом

Талаалап жүрүп салган үйүмдү кайненем тартып алды

Саламатсынарбы.Сөз башынан болсун 2 балам бар күйөөм менен үйлөнүп эле бир айдан кийин кеткенбиз талаалап Россияга. 3жыл мурун кредитке жер алганбыз. Кредитти кайненем алып жерди өзүн атына өткөргөн пенсиядагыларга налог аз келет деп ,биз Россияда иштеп кредитти төлөп жүрдүк.Карантин болгондо мен келе бергем 2баламды алып Кыргызстанга. Калганын күйөөм төлөп үй салышты, жардамдашайын ,Бишкекке барып уста багам десем күйөөм балдарды кара ошол сенин жардамын деген,сабыр кылсан үйлүү болобуз десе баарына ишенип келгем. 2жыл өттү арадан ортодо бир жолу күйөөм келип кетти Кыргызстанга. Эми үй бүтүп киресиңер деди кубанычымда чек жок болчу Алхамьдулилах деп сүйүнүп үйгө көчүп бардым эки балам менен, кайненем ошол жакта себеби кайни синдимдин үйүнө жакын эле биздин үй,кайненем иштеп ошол жакта үй салганы жардамдашты бирок мени такыр жолотподу үй бүткүчө көрбөдүм эле .Көчүп барсам мен бүтүрдүм менин атымда бул үйгө андай мындай кылабыз деп жатты
Биз бөлүнөбүз десем анын оюу такыр башка экен. Цех ачам деп машинкаларды сүйлөшптүр жиним келе баштады себеби биз бөлүнмөкбүз.Кайнатам айылда өзү жалгыз жашайт.Кайненем иштейм деп кызыныкында жүрчү. Айтор үйгө батырбады бул үй меники сенин акын жок,үйдү мен өлгөндө өткөрүп аласынар деди урушуп кеттим күйөөмө чалдым алда унчукпайт.Кыйкырсада бакырсада унчукпа жашайм десен ошол болбосом жогол дегенге түштү аябай ызаландым,кайненем менен жашабайм деп айттым ,айтсам талак берип салды.Кайненем үйдү бошот дейт кайнисиндим да үйдү бошот дейт ушунчалык жиним келип 2баламы алып келе бердим атамдыкына.2 ай болоюн деп калды күйөөмдөн бир кабар жок балам 1 класска бармак кийимдери мектеби эмне болду деп да койгон жок.Эми эмне кылам деп айлам кетип жатат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *