Талаага таштаган ымыркайды жолбун ит өлүмдөн сактап калган

Жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алган ит күчүктөрүнө кошуп жылытып тирүү алып калган. Бул тууралуу The Mirror маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Индиянын  Чаттисгарх провинциясында болгон.  Ымыркайдан кутулуунун аракет кылган эне жаңы тымыркайды талаага таштап кеткен. Ымыркайды таап алган жолбун ит күчүктөрунө кошуп тан атканча койнуна басып жаткан. Таң эрте талаага чыккан дыйкандар ымыркайдын ыйы аркылуу таап алышкан. Алар наристенин ыйын кубалап издеп келип күчүктөрдүн кучагында тырбаландап жаткан ымыркайды көрүшкөнүн, аларга каршы ит ырылдап айбат кылганын айтышкан. Учурда ымыркайдын абалы жакшы экенин ошондой эле азырынча энеси табыла электигин билдиришкен.

Add your comment

Your email address will not be published.