
Таксисттер лицензия алууга милдеттүү болот. Мыйзам долбоор талкууда
07-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваИчки иштер министрлиги Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Өзгөртүүлөргө ылайык, такси айдоочулары уруксат кагаздарын алышы керек.
Мыйзам долбооруна ылайык, департамент такси айдоо укугун лицензиялоону киргизүүнү каалайт. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн уруксат кагаздардын колдонуу мөөнөтү бир жыл, жүк ташуу үчүн үч жыл болот. Лицензияны Ички иштер министрлиги берет. Маалым болгондой, Кыргызстанда таксиге лицензия 1994-жылы киргизилип, 2009-жылы жоюлган.
Булак; Аргумент кж