Тагдыр: “Тойго барган ырчы кызды жактырып калып үй-бүлөмө жек көрүндүм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Жаш кезде берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биздин бул каарманыбыз учурунда уул-кыздарынын баарын нечендеген түйшүк менен жогорку билимге ээ кылган экен. Учурда өзүнүн балдары тургай неберелеринин сыйын көрөр кезде өз үйүндө түрткүнчүк болуп, байбичеси менен кошо бала-бакырасынын баарына жаманатты болуптур. Мунун себебин Мелис аксакал оор үшкүрүнүп төмөндөгудөй баяндап берди.

– “Эркекти кудай ураарда элүү жашта мас болот” -деген сөз бекеринен айтылган эмес экен. Азыр айламды таппай турган кезим. Силерден эмнесин жашырайын. Жакында бир тойго баргандан кийин бир ырчы кызды жактырып калдым. Ошондон бери өзүмө келе албай жан дүйнөмө бүлүк түштү. Бир күнү бул тууралуу өзүмдүн бала кезден берки досума айтсам, ал каткырып:

– Меке, эр ортону элүүдөн өтүп калган кезиңде эсиң менен болсоңчу. Неберелериң укса эмне дейт?-деди мага нааразы болуп.

– Эмне кылайын?.. Ал кызды эч унута албай койдум дедим ачыгын айтып.

Ал мага бир топ кеңештерин айтты. А, мен анын сөздөрүнө эч маани бербегендиктен акырында экөөбүз аз жерден чатакташа кете жаздадык… Андан бери арадан эки жумуга жакын убакыт өттү. Азыркы эрмегим ал кыздын ырларын телефондон укмай. Мындан башка кылар ишим жок. Менин мурдагыдай неберелериме көңүл бурбай калганыма кыжыры келген байбичем:

– Байкасам кийинки учурларда жалаң телефон менен эле алек болуп калдың. Деги сага эмне болду?-деди көзүмө тике карап.

– Эч нерсе деле болгон жок…

Жаш өткөн сайын жагымдуу музыка уккуң келет экен,-деп өзүмдү зордоп күлсөм, ал кабагын бүркөп:

– Кайдагы музыканы айтасың?! Неберең менен тең кызга сугуңду арткандаң уялбайсыңбы? Сенде бет деле калбай калыптыр. Уктум мен баарын,-деди ачуусу келип.

А, мен канчалык актансам да эч ишенбей койду. Байбичем экөөбүздүн эмне себептен урушканыбызды уккан уул-келиндерим, кыз-күйөө балдарым, айтор ага-туугандарымдын баары мени жаман көрүп калышты. Ал тургай кошуналарымдын баары укса керек. Алдымдан чыккандары саламга келбей тескери басып кетишчү болду. Үйдөгүлөргө азыркы кезде баркым жок болуп калгандыктан баардыгына кол шилтеп башым оогон жакка басып кетким келет. Бирок, каякка экенин өзүм деле билбейм. Бассам-турсам баягы ырчы кыздын коңгуроодой добушу, айчырайлуу жүзү көз алдымдан кетпей койду. Учурунда нечендеген түйшүк менен уул-кыздарымдын баарын жогорку окуу жайларынан окуттум эле. Ал кезде үй-бүлөм үчүн жакшы адам элем. Азырчы? Баардыгы мени менен сүйлөшкөндөн качышат. Бир кызымдын: “Ушундан эртерээк кутулсак болот эле. Каяктагы шуркуяны жакшы көрүп калып баарыбызды туугандарга уят кылды. Мунун барынын жогу жакшы”-деп апасына айткан сөзүн кокусунан угуп калдым. Мындай жагымсыз сөздөр мага катуу тийгендиктен күтүүсүздөн жүрөгүм ооруп, кан басымым көтөрүлүп кетип, төшөктөн тура албай калдым. Жаш кездегидей атакелеп үстүмө үйрүлө калган балдарымдын бири жок… Ошондо гана туура эмес иш кылганымды билдим. Менин бул баяным башкаларга сабак болуп калгысы бардыр… Андыктан башкаларга айтарым, неберелердин сыйын көрөр учурда өз баркыңарды сактагыла. Антпесеңер мендей болуп өкүнүп каласыңар!

Булак: “Багыт”

Аргумент.kg