Тагдыр: Күйөөм мени 6 балам менен тыштап тигил дүйнөгө кете берди
27-теке, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсыздарбы. Июндун 15де уул деп жүрүп төрөп алдым, кубанычыбызда чек жок сүйүнүп аттык эле жылкы союп жентек беребиз деп пландап бактылуу элек. Анан жолдошум ооруп калды 3күн ашказаным деп атып больницага барса УЗИден өттө таш бар ошол приступ берип атат өттү срочно алыш керек деп, операцияга киргизип кетишип ошол бойдон турбай калды. Июлдун 1де ошентип жолдошумдан айрылдым балабызга 15 күн болду эле. Эми ошондон бери өзүмө келе албай кыйналып турам. Молдого барып дем салдырышты эч нерсеси билинген жок. Жолдошум жок жашоого умтулуум жок жашоодон үмүтүм үзүлгөндөй мен үчүн убакыт токтоп калгандай. 6 бала менен жолдошумду колдон алдырып ийгендей кала бердим сураныч кеп кеңештериңерди бергилечи…