Тагдыр: Эртеби-кечпи мамилебизди жолдошу билип, сүйүктүүмдүн үй-бүлөсү бузулаарын билгем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Мен өмүрдө бир кызды эт-бетимен кетип сүйдүм. Ал кыз ошол сүйүүмө толук татыктуу эле. Менин жүрөгүмдүн ээсине айланган асылкеч экөөбүздүн тааныштыгыбыз, мындан жети жыл илгерки убакка барып такалат. Ошондо мен үчүнчү курста окучумун, ал эми кыз болсо жаңыдан Университет улагасын аттаган студентка эле. Ал убакта бизде, чоң курстун жигиттеринде жаңыдан окууга келген кыздар менен таанышмай өнөкөтү күч алган. Ушул себептүү ал кыз окуган курстагы кыздар менен да текши таанышып чыкканбыз. Ошондо эле бөлөктөрдөн айырмаланып, көңүлүмө ошол кыз көбүрөөк ынады эле. Балким буга анын ыр жандуу экени да таасирин тийгизген чыгар. Өзүм обончулукка жакын шайыр жигит болгондуктан мага ыр жазган кыздар тез эле жагып калчу.
 
Кыярбаган кыялдар!
 
Ошондон тартып, ал кыз менен эгиз козудай ээрчишип калдым. Тагыраагы, маданий иш-чараларга, адабий кечелерге бирге барчу болдук. Айланабыздагыларга аз аранын ичинде эле кыз-жигит катары таанылдык. Баары бизге суктанчу. Үлгүлүү элек. Анүстүнө бири-бирибизди бир сөздөн түшүнчүбүз. Дамамат, көздөрүбүздөн сүйүү шооласы төгүлүп, көрүшкөнүбүздө жүздөрүбүз жүзүм шарабын таткан жандай тамылжып кетүүчү. Анан да сөздөрүбүз эч түгөнбөчү. Университеттин башкы корпусунун арт жагындагы чакан сейил бакта жайгашкан скамейкалардын бирине олтуруп алып, кечкече эрикпестен кобураша берчүбүз. Жаштык, сабак, жатаканадагы жашоо, музыка, сүйүү туурасындагы сөздөрүбүздүн аягы тыйылчу эмес. Бул адат күнүгө сабактан чыгарыбыз менен кайталануучу. Күүгүм талаш гана аны жашаган жатаканасына узатып барып, үйгө кетүүчүмүн. Кыйып-кыялбай, араң-араң коштошуп. Биресе, көп кыялданчубуз, кийин-кийин, окууну бүтсөк, дипломдун убайын көрүп, майлуу-сүттүү кызматтарда иштесек, бир үйдөн түтүн булатсак, төрт балалуу, эки эркек, эки кыздуу болсок дечүбүз. Ал тургай ал балпайган байбиче, мен аксакалы жайкалган карыя болгон кездерде да дал ушуреки кездегидей ээрчишип, эл аралап бассак деген таттуу үмүттөргө жетеленчүбүз. Эх, десең, аны бир айтамбы же миң айтамбы?..
 
Муң коштогон күндөр
Кийин-соңу тагдырыбыз биз ойлогондой болуп чыкпады. Үй-бүлөлүк шартынын айынан ал кыз окуусун уланта албай, биринчи курсту аяктабастан, окуусун таштап, акча табуу максатын көздөп, айылдаш тааныштарынын чакыруусу менен Москвага жөнөп кетти. Алгачкы күндөрү ал жакта соодада иштерин айтып, мени чексиз сагынганын тастыктап, бир-эки ирет кат жазды да, бара-бара дарексиз жоголду, ал кыз. А мен болсо кусага баткан күндөрдүн жетегинде эрксизден, ботосун жоготкон боз ингендей муң көлүнө чөмүлдүм. Башка кызга көңүлүм да чаппады. Үйлөнбөдүм деле. Качандыр бир ал кызга кайрадан жолугушчудай таттуу үмүттө жашадым. Натыйжада, канчалаган муңдуу обондордун кайрыктарын жараттым. Казыр ошол обондорумдун көбүн кыргыз ырчылары ырдап жүрүшөт. Бирок да, «Баарын мезгил дарылайт» дегендей убакыттын өтүшү менен ал кыз да жүрөгүмөн сызылгансып, бейкапар жашоо ыргагына көнүгүп кеткенсигем…
 
 
Эки адам көрүшөт
 
«Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» дейт көөнө кыргыз эли. Ошол өңүттөн улам, ал кыз экөөбүз кайрадан көрүштүк, капкалуу шаар Москвада. Новокосино метросуна танапташ жайгашкан «Жибек-Жолу» кафесинде музыкант болуп иштеп жаткам. Күндөрдүн биринде ал кыз күйөөсү менен бирге кечки тамактанууга келишти. Бир карашта эле тааныдым. Өзгөрбөптүр. Ал да мени тааныды. Антсе да эч кимге сыр алдырбадык. Бейтааныштай кайдыгерликтин сазына баттык. А күйөөсү болсо кайра-кайра музыка заказ берип жатты. Менин үнүмдү тыңдаш үчүн гана кайра-кайра күйөөсүнө музыка заказ бердиртип жаткандыгын илгиртпей туйдум, ал кыздын. Ошого жетине албаган жаным, үнүмдү болушунча созуп, армандуу сүйүүмдү ырдадым. Баары бир түйшүгү түмөн дүйнөдө сүйүү бийик турарын ырга салдым. Бир убакта күйөөсү даараткананы көздөй кеткенде, ал кыз мага жакын басып келип, колума алакандай кат карматты. Ачып окусам, телефон номерин, качан, кантип жолукса болорлугун жазыптыр. Акыры арадан эки күн өткөн соң жолугуштук. Көптөн бери көрүшпөгөнгө катуу сагынышып калыппыз, десеңчи! Сөз учугун уладык. Өзүм тууралуу айтып бердим. Ал кыз да айтып берди. Болгону турмуш кургандыгын, бир баласы бар экенин, ири соода борборлорунун биринде сатуучу болуп иштеп жаткандыгын, күйөөсү менен бирге жашаса да, ага карата жүрөгүндө сүйүү оту тутанбай жөн гана сезимсиз тирүү өлүк болуп жашап келе жаткандыгы тууралуу айтты. Кыскасы, дале болсо мени сүйөрүнө, жүрөгүндөгү кымбат ордуму эч ким ээлей албагандыгына токтолгонсуду. А мен болсо жоодураган көздөрүнө тигилгенче, сөздөрүн муюп угуп турдум. Натыйжада баштапкы таттуу мамилебиз кайрадан жалгашты. Күйөөсүнүн бар экени да эстен жуулду, шайтан алгырдыкы!
 
Кыңыр иш кырк күндө билинет
Аялымдын амалы кырк эшекке жүк» деген ырас белем. Ар кандай шылтоолор менен күйөөсүнүн башын айлантып, мени менен жолугушууга ашыкчу болду, ал кыз. Москвада биз барбаган эс алуу жайы дегеле калбагансыды. Көңүлдү катуу ачкансыдык. «Күйөөң билип калса, терибизди тескери сыйрыбас бекен?» десем, «Мунун баарын сизди сүйгөндүгүм үчүн жасап жатам, жаным. Бизди Сүйүү Кудайы колдойт чыгар» деп көңүлүмү жайгаруучу. Ал тургай күнүгө таңзаардан мага телефон чалып, таттуу уйкуман ойготуучу. Мен да ошого аябай көнүп калган экем. Негедир бир күнү өзүм ойгондум. «Неге чалбады экен?» тейде ага чалсам, телефону өчүк. Кыжалат болдум. Аз өтпөй телефонум шыңгырап, анын номери көрүндү. Жашыл түймөнү басып «Алло, кандайсың?» деп атын атасам «Ким бул?» деген эркектин колдураган доошу угулду. Балээ басып, телефонун үйгө унутуп кеткендей, мага чалган неме күйөөсү окшойт. Денемде кумурскалар жүгүргөнсүп, майда калтырак басып, үндөбөй өчүрүп салдым, телефонду. Анан ичиндеги сим-картты алып, таштандыга ыргытып ийдим. Эми не болот? Үйүндө жаңжал чыгар, балким мени тапса, өлтүрүп тынар, ачууга алдырган күйөөсү. Айтор, неси болсо да ушунун арты жакшылык менен бүтсө экен. Кудайдан миң мертебе суранып, «Билип-билбей кетирген күнөөлөрүбүздү кечире гөр!» деп жалынып жатырым, азыр. Ушундай болорун билгем, эртеби-кечпи өмүрлүк жолдошу биздин мамилебизди билип, сүйүктүүмдүн үй-бүлөлүк ынтымагына жарака кетерин билгем. А бирок акылга анчейин баш ийбеген арзуу азгырыгынын сормо сазынан суурулуп чыга албай койбодукпу. Тетирисинче, күндөн-күнгө белчебизден батып бараттык» деген Мукамбеткалый армандуу сүйүү баянына чекит койгонсуду…
 
Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары

Аргумент.kg