Табылды Акеров: “Кемпир-Абад кетип, элдин жүрөгүндө күйүт калып калды”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кемпир-Абад маселеси депутаттарды оңтойсуз абалга туш кылды. Мындай пикирин саясат таануучу Табылды Акеров билдирди.

—Табылды мырза, Кемпир-Абад маселесинде бийлик менен оппозициянын ортосундагы талаш эмнеден келип чыкты?

—Бийлик 1965-жылкы чечимдерде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жер алмашуу болгон деген позицияны карманган. Оппозиция эч кандай жер алмашуу болгон эмес, келишимде конпенсация деп жазылып турат, өзбек тарап алынбай калган пайдага жандарышкан деген позицияны карманышты. Б.а жер алмашуу болгон эмес, дамбанын алдындагы жерди Кыргызстан берген эмес деп билдиришти. Менимче, опппозция алды менен документтерди жакшылап изилдеп алса болмок. Ошондо аларга биригүүнүн деле кажети жок болмок. Оппозицияда шашып кетти. Бийлик да аларды шашып камады.

—Алар камалбаса деле бул келишимди парламенттен өткөрүп алмак да…

—Чынында арламенттен алып өтүү кыйын болчу. Бирок, депутаттардын көбүнүн таалуу жерлери бар да. Ошол таалуу жерге басканда эле, өздөрү чуркап барып, добуш беришти.

—Эл дагы өзгөндүк депутаттардын өзүнө Кемпир-Абад кереги жок болсо, бизге керекпи дегендей позицияны карманып коюшту окшойт, кандай дейсиз?

—Ооба. Бул окуя, биринчи кезекте, депутаттардын көпчүлүгү шайлоолордо добуш сатып алганын тастыкташты. Ошого алар активдүү граждандык позицияларын көрсөтө алышкан жок.

—Кемпир Абаддан мандат маанилүү болду дейсизби?

—Депуттар оңтойсуз абалга түшүп калышты. Алар мынчалык кыйын абалга кабылаарларын элестетишкен эмес. Бирок, парламенттин сыртында сиз айткандай Өзгөндүн, Кара-Суунун кулундарына кереги жок болсо, бизге да кереги жок деп бири-бирине айтып жатышканын уктум. Б.а. бул жерде анча-мынча уруулук аң-сезимдин белгилери байкалып турду.

—Сиз өзүңүз кандай чечилет деп ойлойдуңуз эле?

—Чынын айтсам, мен укмуштуудай чечимдер болот деп ойлогом. Кемпир-Абаддын алдындагы жер Өзбекстанга кетет деп ойлогон эмесмин. Тескерисинче, сүйлөшүүлөр өтө жемиштүү болуп, Совет-Абад же Шахи-Мардан бизге өтө тургандай бир нерселер болот го деп ойлогом. Үмүт чоң болчу. Башкалар деле менчилеп чоң нерселерден үмүт кылышыптыр. Анан профилдик комитетте биринчи жолу каралгандан кийин чочуркай баштадым. Чыдабай кайрылуу жазууга аргасыз болдум.

—Эмнеге үмүт чоң болду?

—Себеби, мурда орусиячыл саясатчылар өлкөнү башкарчу. Батышчылдар аларга оппонент болушчу. Бирок, бул жолу бийликте мекенчилдер турбайбы, Ошого мен алар Өзбекстанга эч уттурбайт деп ойлопмун.

—Мекенчилдер бийликте турганы менен өзгөрүү байкалбайт го? Баягыдай эле интрига, спецоперациялар колдонулуп, саясатчылар куугунтукка кабылып, камалып жатпайбы?

—Кызыгы мурда Кыргызстанда орусиячыл жана батышчыл саясатчылар үстөмдүк кылып, мекенчилдер анчейин байкалчу эмес. Бирок, 2020-жылы батышчылдар мекенчилдерди колдоп, алар менен бирге болсок бийликке тез жетебиз го деп ойлошкон. Эч болбосо, бийликти бөлүшүп оокат кылабыз дешкен. Бирок, тилекке каршы, мекенчилдер бийликти эч ким менен бөлүшкүсү келген жок. Тескерисинче, орусиячылдарды да, батышчылдарды да чогуусу менен камап таштады. Анткени булар мекенчилдер. Салттуу баалуулуктарга артыкчылык кылышат. Тигилер менен кайнаса каны кошулбайт.

—Р.Жээнбеков “Кемпир-Абадды эл аралык сотко берип кайтарсак болот” деди. Ушул жол менен кайтарса болобу?

—Аракет кылса болот.

—Бирок, онойго турбас. Айрымдар Кемпир-Абад жана чек ара маселелери Орусиянын макулдугу менен чечилип жатат десе, кай бири Түркия деп жатышат го…

—Ооба. Борбордук Азия геосаясий кызыкчылытарга байланыштуу дайыма Орусия менен Түркиянын көз кырында. Бүгүн Тажикстан менен Өзбекстанда өтө татаал саясий абал түзүлүп турат. Тажикстанда Э.Рахмонов бийлигин уулуна тапшыра албай убара, ал эми Ш.Мирзизоев өлкөнүн Конституциясын жаңыртып, өзүнө өлкөнү дагы эки мөөнөт башкарууга жол ача албай жатат. Буга кара калпактардын өткөндөгү көтөрүлүшү да чоң тосколдук жаратып койду. Э.Рахмонов да, Ш.Мирзизоев да Орусияга барып, кайра-кайра сыйлык, белек-бечкек алып жатышат. Б.а. эл аралык деңгээлде позицияларын бекемдегилери келип жатканы байкалат. Ошого Орусия байкамаксан болуп койсо Тажикстан Кыргызстанга эки жолу кол салып, чек арадагы элдердин шаабаайын суутту. Натыйжада Борбордук Азияда чек ара маселеси чоң мааниге ээ болуп, алдыңкы планга чыкты. Бардык тарап согушсуз чечилип кетсе экен деп тиленип калды. Ошентип, чек ара масалелери шырылдап чечиле баштады. Буга кошумча, кечээ Ереванда да А.Лукашенко Э.Рахмонов менен жолугушуп жатып, кыргыз-тажик чек арасында орунтту алдыга жылуу бар экенин белгилеп, бул конфликтерди жок кылышыбыз керек, антпесе биз нукура жоопкерчиликүү уюм боло албайбыз деп айтканы да бекеринен болбосо керек. Б.а. КМШ өлкөлөрү арасында өз ара конфликтерди жок кылуу боюнча бирдей позиция пайда болгону байкалып жатат.

Кемпир-Абадды алуу менен Өзбекстан чоң жеңишке жетти. Бул конституциялык реформаларды жеңил ишке ашырып алууга чоң өбөлгө түзөт. Ал Ш.Мирзизоевдин чоң жеңиши болот. Кемпир-Абад менен чөлкөмдөгү туруктуулук сакталчудай абал түзүлүп жатат. Чек аранын Тажикстан менен чечилиши да, Э.Рахмоновдун бийликти өз уулуна өткөруп берүүсүнө жол ачат. Мына ушундан кийин, бул эки өлкөдө бийлик турукташат, ал эми Борбордук Азияда саясий туруктуулук сакталат. Б.а. бүгүн тышкы оюнчулар Борбордук Азиядагы туруктуулукту сактоого кызыкдар болуп жатат десек болот. Бир эсептен, С.Жапаровдун кийинчирээк суу токтоп калса, дамбанын алдындагы жерди башка жерге алмаштырып алсак болот дегени да бекерден эмес го деп ойлойм. Ал эч тартынбай эле айтып жатат. Б.а. ал үчүн чек ара маселесин чечүү өтө жөп жөнөкөй эле иштей көрүнүп жатат. Демек, убагы келгенде жаңы кабыл алынган келишимдин эч болбосо Кемпир-Абад бөлүгү кайра каралып калышы мүмкүн.

Булак: Жаңы-Ордо

Аргумент.kg