Саясат

Таалатбек Масадыков: Көп улуттуу өлкөбүзгө тынчтык, ачык асман, өсүп- өнүгүүнү каалайм

Бүгүн, 20-июль – Курман айт. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады:
– Кымбаттуукыргызстандыктар!
Жакшылыктын жана бакыттын чын ыкластуукаалоолоруменен сиздерди ушул эң сонун күн
– Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайм.
Курман Айт – адамдардын биримдиги жана кайрымдуулугу, достук жана бири-бирибизге жардамдашуусыяктууолуттуубаалуулуктарды камтыгын эң маанилүү мусулман майрамдарынын бири. Ушул даңазалуу жана жаркын майрам күнүсиздерге жана үй- бүлөңүздөргө тынчтык, жакшылык, бакубат жашоонукаалайм. Жаратканыбыз сиздердин
каалоо тилектериниздерди кабыл алып, үйүңүздөрдү кубанычка жана сүйүүгө толтурсун. Көп улуттууөлкөбүзгө тынчтык, ачык асман жана өнүгүп-өсүүнүкаалайм.
Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде окулат
Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган. Пандемияга байланыштуу айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулат. Беткап тагынып, ортодогу 1,5 метр аралык сакталышы шарт. Кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *