Коомдук пикирге УКМК дайыма реакция кылат эмеспи. Өзгөчө саясый чөйрөдөгү резонанстуу, чуулгандуу иштерге дароо баа берип, камачусун камап, же эскертүү берип, кечирим суратып да коёт.

Анын сыңарындай, буга чейин Таалайбек Сарыбашовдун жасалма диплому, кош жарандуулугу соцтармактарда талкууланып, кыйла сын пикирлерди жараткан.

Бул эргул уялбай эле «Ата Журт Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайоого аттанып, мандатка ээ болду. Шылуундугу ушулбу?

Эми кыңыр ишин УКМК иликтеп, тергөөгө алып, жасалма диплому менен кош жарандуулугун ачыктап бербейби? Себеби, эл карап турат.

Бийликтин имиджи, кадыр-баркы сакталышы үчүн мындай шектүүлөрдөн арылуу керек да, туурабы? Же сүттөн акпы?

Кыскасы, күмөн жараткан чуулгандын чын-бышыгына жетүү шарт. Чындык акыры чыгышы керек.

Булак: Азия News гезити