Саясат

“Сырдуу өлүм”. Каныбек Иманалиев малчысынын өлүмүн жашырып жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кеминде мал кармайт. Анын, малчысы алайлык жаш жигит жакында каза болду. Бул тууралуу Кабарчы редакциясына  өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, азырынча ал эмнеден каза болгону белгисиз.

«Депутат Иманалиев маркумдун жакындарына малчысынын өлүмү тууралуу коомчулукка чыгарбагыла деп суранып жүрөт»,-дейт өздүк булак.

Бул маалымат боюнча Чүй ОИИБине байланышканыбызда төмөнкүчө жооп алдык:

«Кеминде малчынын каза болгону чын. Бирок ал депутат Каныбек Иманалиевдин малчысы деп айта албайбыз. Азыр териштирилип жатат»,- деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле, алар кийинчерээк дагы кошумча маалымат берилерин айтышты

Булак:Кабарчы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *