Свердлов РИИБнин опер кызматкерин жетекчиси катуу сабап салган. Ногойбаев менен Байгазиев эмне дейт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай. Свердлов РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги кол алдындагы опер кызматкери Адилет Алибековду катуу сабап салган. Бул боюнча туугандары кабарлашты. Жабырлануучу ооруканага жатып, прокуратурага арыз жазганы каңкууланды. Окуя 13-мартта болгон. Андан бери зөөкүр жетекчиге мыйзамдуу чара көрүлбөй, укук тебеленип атканы кандай? Свердлов РИИБнин начальниги Азамат Байгазиев өздүк курамын башкара албай, мушташ орун алып атса, деги булар коомчулукка кайсы үлгүнү көрсөтүшөт? Негизи жердешчиликтин айынан жерден боор көтөрүп, “эт же чел эмес” сымал калыптанса, аягында ушуну көрөт белек?.. Баса, “балык башынан сасыйт” деп бекер айтылбаптыр. Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев жалпы коллективге өрнөк көрсөтө албай, өксүп турган чагыбы? Кызматкерлери кылмыш иштерине кириптер болуп атышса, кайдагы тазалыктан кеп кылабыз? Эрксизден баш чайкайсың да.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg