
Сузакта 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду
22-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖалал- Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болгонун маалымдады. Ал Кашка — Терек айлында талаада жумуш жасап аткан. Окуя Сузак милиция тарабынан каттоого алынган. Каза болгон жигиттин жакындары арыз жазуудан жана сөөктү соттук- медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышы.
Булак : Аргумент