Сузакта 12 жаштагы бала асынган абалда табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Сузакта 12 жаштагы бала өзүнүн үйүнүн жанында асынган абалда табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-апрель күнү Сузак районунун  тургуну 2011-ж.т. бала өзүнүн үйүнүн жанындагы мал сарайда жипке асынып каза болгон.

«Бул окуя боюнча баланын атасы көрсөтмө берип, уулу жаштайынан оорукчан экендигин, 23-апрель күнү саат 19:30 чамасында мал сарайда асынып каза болгондугун билдирген. Окуя боюнча эч кимге арыз-доосу жок экендигин айтып, жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан»,-деп айтылат маалыматта.

Аргумент.kg