
Сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталып бир киши каза болду
11-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталган, бул тууралуу Озгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган (Чүй облусунда 5, Ош облусунда 4, Бишкек шаарында 3, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Баткен облусу 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кысыгы катталган). Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон (3 эшик ачуу, 1 суудагы кырсык).
Өрттүн кесепетинен 1 жаран жабыркаган, ал эми эшик ачууда 1 эркек кишинин жансыз денеси батирден табылган.