Сүрөт-Максат Довранов: “Эркин мага бүгүнкү күнгө чейин “жезде” деп кайрылып жүрдү”
26-баш оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева“Эркин өтө элпек, зирек бала эле. Айла жок, өтө жаш кеттиң иним. Гүлшайыр апа, Сайкал кайрат кылыңыздар.
Эркин башында “жезде” дей албай, “Максат аке” деп жүрдү. Кийин “жезде” деп, бүгүнкү күнгө чейин “Максат жезде” деп кайрылчу. Эки күн мурун эле сүйлөшкөн болчубуз. Бишкекте жашап, бир кафеде, кофе боюнча адис болуп иштеп жатканын айткан. Көп тил билген, билимдүү бала эле. Үйгө көп келчү. Орду менен сүйлөгөнүн, зиректигин, элпектигин көрүп тарбиясына суктанчуумун. Францияда окуп билим алам деген кыялдары бар эле.
Эркин, жаткан жериң жайлуу, топурагың торкоо болсун”-деп Максат Довранов жазды